2018-жылдын 26-июнь күнү саат 03:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда, Хонда-Степ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып Чычкан суусуна түшүп кеткен. Бул тууралу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Унаанын ичинде 8 адам болгон, алардын ичинен 6 адам жабыркап, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Унааны суудан чыгарганда 1 адамдын жансыз денеси унаанын ичинен табылган.
Жол кырсыгынын кесепетинен жоголгон экинчи адам Чычкан суусунан үч сааттан кийин табылды.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Теги:
Поделиться:
Окшош жаңылыктар






Spelling error report
The following text will be sent to our editors: