Фермерлерге мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө жана асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө багытталган 3 пайыздык жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Жалал-Абад облусунан келген фермер Амирбек Атакулов бүгүн «Кыргыз Агрохолдинг» ААКнын «Элита» мал чарба филиалынан Абердин-ангус породасындагы асыл тукум малдарды сатып алып, өз чарбасына алып кетүүдө.

Амирбек Атакулов, фермер:

«Жеңилдетилген насыя алуу үчүн банкка кайрылып, өзүм жашаган үйүмдү күрөөгө коюп насыя алдым. Насыя алуу процессинде эч кандай кыйынчылык болгон жок. Шарттары ыңгайлуу экен. Бүгүн алган малдарымды Жалал-Абад облусуна алып кетип жатам. Бул мүмкүнчүлүк фермерлер үчүн жакшы колдоо болуп жатат».

Асыл тукум мал сатып алууга берилүүчү жеңилдетилген насыя 3 пайыздык үстөк чен менен 5 жылга чейин берилет. Мындан тышкары, 12 айга чейин жеңилдетилген мөөнөт каралган. 500 миң сомго чейинки насыя күрөөсүз, ал эми 500 миң сомдон 20 млн сомго чейинки насыя күрөө менен берилет.

Насыя банк тарабынан жактырылгандан кийин фермер «Кыргыз Агрохолдинг» ААК менен келишим түзүп, «Элита» мал чарба филиалынан асыл тукум малдарды тандап сатып ала алат. Бул иштер фермерлердин мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө жана өлкөдө эт өндүрүшүн жогорулатууга багытталган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.