Бүгун, 4-сентябрда Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети “Коопсуз шаар” боюнча экинчи аукционун өткөрдү. Тендер 10-мүнөттүк 3 раундда өткөрүлдү.
Аукциондун башталышы, тендерге 3 компания катышып атканын аныктады. Коомчулук Сатып алуу департаментинин сайтынан онлайн карап турганы аукциондун өзгөчөлүгү болуп саналат.
Эскерстек, биринчи аукцион 23-августта Мегалайн компаниясы жогору бааны сунушутагандыктан үзгүлтүккө учураган. Ошондуктан, система тендерге эки эле компанияны көргөндүктөн аукцион аягына чыкпай калган.
Орусиялык “Вега” компаниясы 2,3 млрд сомго чейин түшүрүп аукциондун жеңүүчүсү болду. Биринчи лот боюнча -1,1 млрд сом, экинчи лотко – 1,2 млрд сунуштады. Аукцион ийгиликтүү аяктаганы менен, башкы чечимди тендердик комиссия кабыл алат.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчисинин орун басары Кубаныч Шатемировдун айтымы боюнча, “Вега” компаниясы аукционду биринчи талап боюнча утуп алды. Эми комиссия мекеменин документтерин текшерет.
“Конкурстук комиссиянын курамына долбоор менен иштеген ведомстволордун өкүлдөрү, парламенттик партиялардан, Бишкек шаардык кеңешинин жана коомдук биримдиктердин өкүлдөрү чакырылган. Акыркы чечимди жуманын аягына чейин кабыл алабыз деп үмүттөнөм”, – деп Шатемиров жыйынтыктады.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: